Иммиграция башкармалыгынын "Түркияга кирүүгө тыюу салуулар" жөнүндө билдирүүсү

Ички иштер министрлигинин иммиграция башкармалыгынын Башкы дирекциясы, Түркияда мыйзамдуу жашап туруу эрежелерин бузган чет элдиктерге  карата колдонула турган кирүүгө тыюу салуулар тууралуу маалымат берди.

1433521
Иммиграция башкармалыгынын "Түркияга кирүүгө тыюу салуулар" жөнүндө билдирүүсү

Ички иштер министрлигинин иммиграция башкармалыгынын Башкы дирекциясы, Түркияда мыйзамдуу жашап туруу эрежелерин бузган чет элдиктерге  карата колдонула турган кирүүгө тыюу салуулар тууралуу маалымат берди.

Иммиграция Башкармалыгынын Башкы дирекциясынын билдирүүсүнө ылайык, Түркияда мыйзамдуу туруу укугу бузулгандыгына карабастан, үч айга чейин мыйзамдуу туруу эрежесин бузган, бул абалдары тийиштүү органдар тарабынан белгилене электе өздөрү эле Түркиядан чыгуу үчүн чек ара капкаларына келген жана тийиштүү мыйзамга ылайык админстрациялык акчалай жазасын төлөгөн чет элдиктер менен ошондой эле үч айга чейин мыйзамдуу туруу эрежесин бузган, ал тууралуу депортация чечими чыгарылып Түркиядан чыгып кетүүлөрү үчүн өздөрүнө таанылган мөөнөттүн ичинде чыгып кетиш үчүн чек ара капкаларына келген  жана тийиштүү мыйзамда белгиленген администрациялык акчалай жазасын төлөгөн  чет элдиктер туурасында Түркияга кирүүсүнө тыюу салуу чечими чыгарылбайт.

 Ушул алкакта үч айдан ашуун мыйзамдуу туруу укугун бузган чет элдиктер үчүн 1 айдан 5 жылга чейин Түркияга кирүүсүнө тыюу салуу чечими чыгарыла алат.

Мыйзамдуу туруу эрежесин бузуп, тийиштүү органдар тарабынан белгилене электе Түркиядан чыгып кетүү үчүн өзү эле чек ара капкасына келсе дагы тийиштүү мыйзам менен белгиленген администрациялык акча жазасын төлөбөгөн, Түркияны депортациялоого мажбур кылгандардан өздөрүнө таанылган мөөнөттүн ичинде чыгып кетпеген, иштөө жана жашап туруу уруксат талаптары четке кагылган же уруксаттары жоюлса дагы өздөрүнө таанылган мөөнөттүн ичинде чыгып кетпеген,өздөрүнө таанылган мөөнөттүн ичинде жашап туруу уруксат документи үчүн кайрылбаган, байкоого алуу чечими бүткөрүлүп альтернативалык милдеттерге киргизилген жана белгиленип атайын милдеттендирилген кызматкердин коштоосунда депортация кылынган чет элдиктерге 3 айдан 5 жылга чейин Түркияга кирүүсүнө тыюу салуу чечими чыгарылат.



Тектеш кабарлар