Памуккалеге 8 күндүн ичинде 2 миң киши келди

Памуккале туристтерди кайрадан кабыл ала баштаган болчу.

1432568
Памуккалеге 8 күндүн ичинде 2 миң киши келди

Коронавирус пандемиясынын себебинен 19-мартта зыяратка жабылышынан кийин 1-июнда кайрадан туристтерди кабыл ала баштаган Памуккалени 8 күндүн ичинде 2 миң 78 адам кыдырды.

Былтыр 2 миллиондон ашык туристти кабыл алган Памуккаледе коноктор үчүн эшиктер ачылгандан кийин кыймылдуулук башталды.

Келгендер бул аймакка дене табы өлчөлүп жана беткап кийип киришти.

Облустук маданият жана туризм директорунун орун басары Турхан Вели Акйол, 8 күндүн ичинде тарыхый жерге 2 миң 78 адам келгенин белгилеп: «Биздин аймакта туристтердин саны көбөйүүдө. Эл аралык рейстеринин кыймылдуулугу менен бирге биз чет өлкөлүк конокторду да тосуп алабыз. Мындан тышкары, чөлкөмдөгү музейге болжол менен 300 адам, байыркы Лаодика шаарына болсо 500 адам келишти»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар