Эртең ИКУнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны өткөрүлөт

Жыйынга тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу катышат.

1432498
Эртең ИКУнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны өткөрүлөт

Тышкы иштер министрлиги Израилдин Палестина жерлерине карата аннекция пландарына каршы эртең (10.06.2020) тышкы иштер министрлери деңгээлинде Ислам Кызматташтык Уюму ИКУнун Аткаруу Комитетинин жыйыны өткөрүлөрүн жарыялады.

Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу катыша турган жана видеоконференция методу менен өткөрүлө турган жыйында Израилдин Палестина жерлерин аннекция кылуу кыймылын токтотууга карата ИКУнун негизинде биргелитке таштала турган кадамдардын каралышы күтүлүп жатканы билдирилди.



Тектеш кабарлар