Май айында 78 террорист жок кылынды

Ички иштер министрлигинин орун басары жана министрликтин катчысы Исмаил Чатаклы террор менен күрөшүүдө акыркы абал тууралуу маалымат берди.

1429563
Май айында 78 террорист жок кылынды

ПКК террордук уюмга карата ички коопсуздук операцияларынын негизинде май айында 78 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинин орун басары жана министрликтин катчысы Исмаил Чатаклы террор менен күрөшүүдө акыркы маалыматтарды билидирип, май айында жок кылынган  78 террористтин төртөөсүнүн кызгылт сары, сегизинин боз түстөгү категорияда  изделггенин бирөөсүнүн да Гереколь жооптуусу экенин айтты.

Чатаклы операцияларда 403 баш калкалоочу жер жана үңкүрлөрдүн да жараксыз абалга келтирилгенин билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө уюмдун террордук  уюмга кошулууда тарыхынын эң төмөнкү деңгээлин жашаганын  баса белгиледи. Ушуга караганда уюмга кошулуу бул жылдын биринчи 5 айында өткөн жылдын ошол эле мезгилине караганда 72 пайызга азайып, өлкө ичиндеги террорист саны 500гө төмөндөдү.



Тектеш кабарлар