Эрдоган: «Ливиялыктарды козголоңчулардын жана легионерлердин ырайымына калтырбайбыз»

Президент Эрдоган, расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген Ливиянын премьер-министри Фаиз эс-Сарраж менен жолугушуусунан кийин биргелеше өткөргөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1429647
Эрдоган: «Ливиялыктарды козголоңчулардын жана легионерлердин ырайымына калтырбайбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, ливиялыктарды эч качан козголоңчулардын жана легионерлердин ырайымына калтырбай тургандарын айтты.

Президент Эрдоган, расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген Ливиянын премьер-министри Фаиз эс-Сарраж менен жолугушуусунан кийин биргелеше өткөргөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган, сөзүндө Ливияда козголоңчу Хафтердин мыкаачылык кол салууларына карабастан Улуттук ынтымак өкмөтүнүн жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясы темасында керектүү чараларды көргөнүн айтты.

«Козголоңчу Хафтерди колдоп Ливияда кан жана көз жашын төккөндөрдү тарых жазалайт»,-деп айткан Эрдоган: «Ливиянын келечегин тынымсыз коркунуч астында кармаган бир кишинин бул темада үстөлгө отура турган өкүлдүк жөндөмдүүлүгү дагы боло албайт»,-деп айтты.

Эрдоган: «Ливиялык туугандарыбызды эч качан козголоңчулардын жана легионерлердин ырайымына калтырбайбыз»,-деди.

«Ливиянын премьер-министри Сарраж менен Ливиянын территориясындагы кызматташтык тармактарыбызды кеңейтүү жагдайында бирдей көз карашка бардык»,-деп айткан Эрдоган: «Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги табигый байлыктардан пайдаланыш үчүн издөө жана бургулоо менен катар кызматташтыгыбызды илгерилетүүнү максаттап жатабыз»,деген маалымат берди.

Президент Эрдоган, Ливияда БУУнун карамагында жана саясий процесстин ичинде чечүүчү жол тууралуу, «Сарраж жана өкмөтү, козголоңчу Хафтер жана бандаларынын кылган адамзат кылмышы жана согуш кылмыштарына карабастан бул темада ар дайым позитивдүү маанайда болду»,-деп айтты.

Ливиядагы маселенин мыйзамдуулук жана укуктун негизинде чечилиши үчүн бардык эл аралык платформаларда Сарраж менен бирге кыймыл кылабыз»,-деп айткан Эрдоган: «Козголоңчу Хафтердин Ливия калкынын укугу болгон мунай заттарды уурдап сатуу аракеттерине бөгөт коюу чакырыгыбызды кайталайбыз»,-деди.

Сарраж да сөзүндө: «Түркиянын тайманбас мамилесине ырахмат айтабыз. Козголоңчуларга айтамын эми соңдун башталгычына келдиңер. Ливиядан, жакабыздан колуңарды тарткыла. Мындан ары артка кайтуу болбойт. Душманды жок кылганга дейре токтобойбуз. Булардын башында турган кишиге сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү берилбейт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар