Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү
Ооруканадан чыккан 974 киши менен бирге жалпы айыккандардын саны 128 947ге жетти.
1427472
Түркияда жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) менен күрөшүү боюнча жетишилген ийгиликтер уланууда. Тест саны көбөйсө дагы вирус жуктуруп алгандардын саны азаюуда.
Акыркы 24 саатта вирустун себебинен көз жумгандардын саны 23 болуп, жалпы каза болгондордун саны 4 563кө жетти.
Ошол эле убакыттын ичинде 31 525 кишиге тест жасалып анын ичинен 827 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан чыккан 974 киши менен бирге жалпы айыккандардын саны 128 947ге жетти.