Түркияда эпидемиядан кийин биринчи жолу жума намазы окулду

Адилеттик министри Абдүлхамит Гүл, мурунку министрлер, кээ бир депутаттар жума намазын Түркия Улуттук Парламентинин мечитинде окушту.

1425835
Түркияда эпидемиядан кийин биринчи жолу жума намазы окулду

Түркияда коронавируска карата көрүлгөн чаралардын негизинде жамаат менен намаз кылуунун чектелишинен кийин биринчи жума намазы бир топ шаарда белгиленген мечиттерде окулду.

Диянет иштери башкармалыгы тарабынан Ковид  - 19 менен күрөшүүнүн негизинде 16 -  мартта жабылган мечиттер бүгүн ачылды.

Мурунтадан дезинфекцияланган мечиттерде намаздан мурда жарандар бет кап жана социалдык аралык эрежелери тууралуу эскертилди.

Адилеттик министри Абдүлхамит Гүл, мурунку министрлер, кээ бир депутаттар жума намазын Түркия Улуттук Парламентинин мечитинде окушту.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар