ТРТнын эл аралык ийгилиги

ТРТ каналдарына жаңысын кошту.

1425472
ТРТнын эл аралык ийгилиги

Түркиянын радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) эл аралык медиа платформаларындагы натыйжалуулугун жогорулатуу стратегиясы ийгиликтерге жетишүүдө.

ТРТ мекемеси, рейтингде рекорд жараткан "Дирилиш Эртугрул" сериалын англис, араб, испан жана орус тилдеринде эфирге чыгарган каналдарына жаңысын кошту.

ТРТнын Пакистанда урду тилинде эфирге чыккан жаңы каналы "TRT Ertuğrul Gazi" ачылган күндөн бери үч апта сыяктуу кыска убакыт ичинде чоң ийгиликтерге жетишти.

"ТРТ Эртугрул Гази" каналы 18-25-май күндөрүнүн аралыгында 4 миллион абонент жана 250 миллион жолу көрүлүп Youtube каналынын эң ылдам өнүгүп келе жаткан каналдарынын бири катары 33-орунду ээледи.



Тектеш кабарлар