Түркия Чадга медициналык жардам жөнөттү

Медициналык жардамдардын арасында бир тез жардам унаасы да бар.

1423661
Түркия Чадга медициналык жардам жөнөттү

Түркия жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында Африка өлкөсү Чадга медициналык жардам каражаттарын жөнөттү.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын буйругу менен Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан даярдалган медициналык каражаттар, борбор шаар Анкарадагы Этимесгут аскердик аба майданынан Улуттук коргоо министрлигине таандык А400М үлгүсүндөгү жүк ташуучу учакка жүктөлдү.

Медициналык жардамдардын арасында бир тез жардам унаасы да бар.

Учактагы жардам каражаттары салынган кутулардын бетинде Мевлананын «Үмүтсүздүктүн аркасында канчалаган үмүттөр бар, караңгынын артында канчалаган күндөр бар» сөздөрүнө орун берилди.

Чаддын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү коронавирус себептүү алгачкы өлүмдөрдүн 29-апрелде болгонун жарыялаган.

Түркия мындан мурда АКШ, Англия, Испания, Италия жана Балкан өлкөлөрү да орун алган көп сандаган өлкөгө медициналык жардам берген болчу.

 



Тектеш кабарлар