Түркияда Covid-19 жуктургандардын саны миңдин астына түштү

Ооруканадан чыккан 1 321 киши менен бирге жалпы айыккандардын саны 120 015ке жетти.

1423395
Түркияда Covid-19 жуктургандардын саны миңдин астына түштү

Түркияда жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) менен күрөшүүдө жетишилген ийгилик уланууда,  вирус жуктуруп алган киши саны кайрадан миңдин астына түштү.

Акыркы 24 саатта 29 киши көз жумуп, жалпы каза болгондордун саны 4 369 болду.

Ошол эле убакыттын ичинде 21 492  кишиге  тест жасалып анын ичинен 987 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан чыккан 1 321 киши менен бирге жалпы айыккандардын саны 120 015ке жетти.


Этикеткалар: #Covid-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар