Түркияда аба жана темир жол каттамдары үчүн билеттер сатыла баштады

Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясына каршы чара көрүүлөрдүн алкагында сапарлары токтотулган темир жолу жана аба жолу транспортунда Орозо айт майрамынан кийин нормалдашуу иштери акырындык менен башталат.

1423309
Түркияда аба жана темир жол каттамдары үчүн билеттер сатыла баштады

Түркияда 28-майда сапарларын баштай турган кадимки поезд жана жогорку ылдамдыктагы поезддер (YHT)  үчүн бүгүндөн тарта билеттер сатыла баштады.

Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясына каршы чара көрүүлөрдүн алкагында сапарлары токтотулган темир жолу жана аба жолу транспортунда Орозо айт майрамынан кийин нормалдашуу иштери акырындык менен башталат.

Пандемиянын себебинен март айында аба жолу транспортунда баскычтуу түрдө учак сапарлары токтотулган. Пандемиянын бүткүл дүйнөгө жайылышынын себебеинен Илимий кеңештин сунушу менен  чет өлкөгө жана чет өлкөдөн аба каттамдары толук токтотулуп, өлкө ичиндеги каттамдарга да тыныгуу берилген.

Covid-19 пандемиясынын акырындан азая баштоосу менен Орозо айт майрамынан кийин транспортто нормалдашуу кадамдары ташталат.

Ушул алкакта билеттери мурдатан сатыла баштаган аба жолу секторунда каттамдардын 4-июндан тарта башталышы көздөлүүдө. Алгачкы этапта ички каттамдар андан соң тышкы каттамдарда учак сапарларынын башталышы күтүлүүдө.

Темир жолу секторунда болсо кадимки жана жогорку ылдамдыктагы поезд багыттарынын 28-майдан тарта башталышы пландалган каттамдар үчүн даярдыктар уланууда. Ал күндөн тарта баштала турган поезд каттамдары үчүн билеттер бүгүн сатыла баштады.

Нормалдашуу процессинде жогорку ылдамдыктагы поезддер 28-майдан тарта Анкара-Стамбул, Анкара-Эскишехир, Анкара-Кония, Кония-Стамбул багыттарында күнүгө жалпы 16 каттам ишке ашат.



Тектеш кабарлар