Эрдоган:«Түркия пандемия процессин ийгиликтүү башкарууда жана натыйжага жакындады»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК)  башкы жетекчилигин да аркалаган Эрдоган, партиясынын 81 облустагы жамааты менен майрамдашты.

1423366
Эрдоган:«Түркия пандемия процессин ийгиликтүү башкарууда жана натыйжага жакындады»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын глобалдык жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) пандемия процессин ийгиликтүү башкарганын жана натыйжа алууга жакындап калганын айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК)  башкы жетекчилигин да аркалаган Эрдоган, партиясынын 81 облустагы жамааты менен майрамдашты.

Эрдоган, сөзүндө, «Жараткандан бизге майрамдарды майрам сыяктуу өткөрө турганыбыз канчалаган жакшы күндөрдү көрсөтүүсүн тилеймин»,-деп айтты.

Ковид-19 пандемиясына токтолгон Эрдоган, Түркиянын глобалдык пандемия процессин ийгиликтүү башкарганын жана натыйжага жакындап калганын белгилеп, «Нормалдашууга карай таштаган кадамдарыбыздан кийин келип чыккан картина туура жолдо баратканыбызды көрсөтүүдө. Жаңы жашоо шарты менен бул мезгилди эң аз зыян менен ашып өтөбүз. Арапа күнүнөн майрам бүткөнгө дейре 4 күн бою үйдө болуп күрөшүбүзгө колдоо көрсөткөн улутубуздун ар бир мүчөсүнө сабырдуу болгондуктары үчүн ырахматымды айтамын»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар