"АКЫНЖЫ" даректүү тасмасы​​ бүгүн көргөзүлөт

Түркиянын авиация тармагындагы ийгилиги.

1423260
"АКЫНЖЫ" даректүү тасмасы​​ бүгүн көргөзүлөт

Түркиянын алгачкы чабуул коюучу учкучсуз учуучу аппараты (TİHA) Байрактар АКЫНЖЫнын даректүү тасмасы​​ бүгүн кечинде Түркиянын радио-телеберүү корпорациясынын (TRT) ТРТ-Хабер телеканалында көргөзүлөт.

Түркиянын алгачкы чабуул коюучу учкучсуз учуучу учагы болгон Байрактар АКЫНЖЫнын даректүү тасмасы тартылды.

АКЫНЖЫнын өндүрүш жана иштелип чыгуу баскычын түшүндүргөн даректүү тасма, Түркиянын авиация тармагында жетишилген деңгээлди дагы ортого салды.

15 айда тартылып бүткөн АКЫНЖЫ даректүү тасмасы бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 21:00дө ТРТ-Хабер каналында көргөзүлөт.

Даректүү тасманын негизинде көрүүчүлөр Түркияда биринчи жолу жогорку технологияга ээ болгон аппараттын иштелип чыгуу процессин дагы көрө алышат.



Тектеш кабарлар