Чавушоглу 4 өлкө менен туризм боюнча сүйлөшүүсүн өткөрдү

Чавушоглу, нормалдашуу процессинде Түркиянын учак каттамдарын баштоосунун өзү жалгыз жетиштүү болбой турганына көңүл бурду.

1422721
Чавушоглу 4 өлкө менен туризм боюнча сүйлөшүүсүн өткөрдү

Жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) менен ийгиликтүү күрөшкөн Түркияда туризмдин дагы кайрадан башталышы үчүн иш-аракет кылып жаткандарын айткан Чавушоглу: «Германия,Франция жана Англия менен туризм темасында төрттүк жыйналыш өткөрдүк. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен эки ирет сүйлөштүк»,-деп айтты.

Туристтердин Түркияга келүүнү каалап жаткандарын айткан Чавушоглу: «Биз билгендей немис, орус досторубуз дагы Европадагы досторубуз дагы, Түркияга келгиси келет, өлкөбүздү билген ар ким келгиси келет. Пандемия темасында да берки альтернативалык өлкөлөрдөгү деңгээлди/.../ салыштырган убагында Түркия алдыңкы планга чыгат.Ушул себептен келгиси келишет»,деген серебин салды.

Чавушоглу, нормалдашуу процессинде Түркиянын учак каттамдарын баштоосунун өзү жалгыз жетиштүү болбой турганына көңүл бурду.

Мевлүт Чавушоглу: «Туристтер кандай тосулат. Саламаттыгын текшерүүлөр келген өлкөсүндөбү же Түркиядагы аэропорттордо жасалабы? Ушул сыяктуу суроолордун бардыгына жооп табылышы жана ал өлкөлөрдүн Түркияга эс алуу темасында көндүрүлүшү керек. Ушул процессте отелдердин концепти менен сертификаттары да маанилүү»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар