Түркиянын пандемия менен күрөшүүдөгү ийгилиги

Түркия жаңы тартипке өттү.

1422031
Түркиянын пандемия менен күрөшүүдөгү ийгилиги

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын коронавирус кризисин эң аз зыян менен артта калганын айтты.

Эрдоган «Адилеттик жана өнүгүү» партиясынын (АК партиясы) облус башчыларынын жыйналышынын алдында видеоконференция ыкмасы менен облус башчыларына кайрылып: «Биз кылдат болууну улантабыз. Кичине эле көңүл бурулбай калса пандемиянын кайрадан күч алышына себеп болушу мүмкүн»,- деди.

Эрдоган көрүлүп жаткан чаралардан улам келип чыккан экономикалык, социалдык жана гуманитардык көйгөйлөрдү жеңүү максатында процессти ийгиликтүү башкаргандарын белгилеп: «Түркия катары биз өз чек арабыздын ичиндеги бул пандемияны жеңишибиз жетиштүү болбойт, пандемия бүткүл дүйнөдө айрыкча жакынкы чөйрөдө токтогондо гана бардыгыбыздын көңүлү тынч болот»,- деп айтты.

Президент Эрдоган өз сөзүндө Түркияда жана дүйнөдө күнүмдүк жашоонун дагы бираз убакыт жаңы эрежелерге жараша өтө тургандыгын айтты.

Пандемия процессин башкарууда министрликтер менен бардык мекемелердин чоң күч-аракеттерди жумшап тарыхый ийгиликтерге жетишкендерин баса белгилеген Эрдоган: «Биз беткапты колдонуу, аралыкты сактоо жана тазалык эрежелерин камтыган жаңы тартипке өтүүдөбүз», деди.



Тектеш кабарлар