Түркия Пакистанга көңүл айтты

Учак кырсыгында көптөгөн кишинин каза болгондугу билдирилди.

1422040
Түркия Пакистанга көңүл айтты

Түркия бүгүн Карачиде болгон учак кырсыгынан улам Пакистанга көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинин интертен сайтынан берилген маалыматта : «Пакистан эл аралык аба жолдоруна таандык бир жүргүнчү учагы Карачиде Жиннах аэропортунун жакындарындагы отурукташуу жеринде кырсыкка учурап, көп сандаган кишинин каза болгондугу билдирилди. Бул кырсыкта каза болгондор үчүн Пакистан өкмөтү менен боордош Пакистан калкына көңүл айтабыз»,- деп билдирилди.

 



Тектеш кабарлар