Соода министри Рухсар Пекжан Россиянын энергетика министри менен сүйлөштү

Видеоконференция аркылуу өткөн жыйында эки өлкөнүн ортосундагы сооданын алдындагы бөгөттөрдүн аныкталышы менен маселени чечүүгө карата темалар каралды.

1421854
Соода министри Рухсар Пекжан Россиянын энергетика министри менен сүйлөштү

Соода министри Рухсар Пекжан Түркия  - Россия өкмөттөр аралык экономикалык комиссиянын тең төрагасы жана Россия федерациясынын энергетика министри Александр Новак менен сүйлөштү. Соода министрлигинен берилген маалыматта сүйлөшүүгө түрк делегациясында  транспорт министринин орун басары Селим Дурсун, айыл  - чарба жана токой чарбасы, энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлери менен Борбордук банктын жетекчилери да катышты. Россия тарабынан да министр Новак менен бирге энергетика министринин орун басары  Анатолий Яновский, экономикалык өнүгүү, айыл  - чарба, транспорт министрликтери, бажы башкаруу жана Борбордук банктын жетекчилери катышты.

Видеоконференция аркылуу өткөн жыйында оболу коронавирустан улам бул кыйын мезгилде эки өлкөнүн ортосундагы сооданын алдындагы бөгөттөрдүн аныкталышы менен маселени чечүүгө карата темалар каралды. Сооданы арттыруучу жана жеңилдетүүчү чаралар, энергетика тууралуу кызматташуу, айыл  - чарба соодасы, транспорт темалары алдыңылык берилген күн тартип беренелери болду.

Жыйында Түркиянын Россияга экспортун өстүрүү үчүн  алдындагы тоскоолдуктардын жоюулушу керектиги баса белгиленди. Түркия  - Россия соода жана экономикалык карым  - катнаштарынын бөлүнгүс бир бөлүгү болгон энергетика тармагындагы маселелер каралып, Аккуюу атомдук энергетика станциясы долбоорунун биринчи бөлүгүнүн 2023 -  жылы ишке ашырылышы үчүн таштала турган кадамдар каралды.

Эки өлкөнүн бири бирине карата соодасында маанилүү элемент болгон айыл  - чарба продукциялары тууралуу жоопкерчиликтер билдирилди.

Пекжан эки тараптуу соодада тең салмактуулуктун түзүлүшү жана жергиликтүү акчаларды колдонуунун арттырылышы керектигин белгиледи.



Тектеш кабарлар