Эрдоган: «Стамбул эл аралык саламаттыкты сактоо борборуна айланды»

Президент Эрдоган, Стамбулда салынып бүткөрүлгөн Башакшехир Чам (карагай) жана Сакура оорукана шаарчасынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1421247
Эрдоган: «Стамбул эл аралык саламаттыкты сактоо борборуна айланды»

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган,саламаттык сактоо тармагына салган инвестициялары менен Стамбулдун эл аралык саламаттык сактоо борборуна айланганын айтты.

Президент Эрдоган, Стамбулда салынып бүткөрүлгөн Башакшехир Чам (карагай) жана Сакура оорукана шаарчасынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Бүгүн түптүү жана көп жактуу түрк-жапон достугуна жаңы алкак кошкондорун айткан Эрдоган: «Бир гана эстетикалык жактан эмес, технологиялык базиси, көмөкчү жайлары, турган жери, мүмкүчүлүктөрү жана башка өзгөчөлүктөрү менен Стамбулдун сыймыктануучу эстеликтеринен бири катары дагы бир чыгарманы өлкөбүзгө коштук»,-деди.

Президент Эрдоган, саламаттык сактоо системасында эми Стамбулдун борбордук абалга ээ болгонун белгилеп, Стамбулдун бир эле убакта эл аралык саламаттык сактоо борборуна да айланганын белгиледи.

Президент Эрдоган: «Саламаттык сактоо системасынын баркы жакшы түшүнүктүү болгон ушул мезгилде, бул жер саламаттык сактоо туризминде Түркиянын марка чыгармаларынан бири болот»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) пандемия мезгилинде Түркиянын 80ден ашуун өлкөгө жардам колун сунганын белгилеп, жардамдарды жиберүүнү уланта тургандарына токтолду.

Президент Эрдоган: «Дүйнөдө саламаттык системалары кыйраган, мамлекеттик тартиптери жаракат алган ушул мезгилде Түркия жана Жапония үлгү болуучу ийгиликти көрсөтүүдө»,-деди.

Ачылышка видео конференция форматында катышкан Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ болсо: «Ден-соолукту символдогон карагай жана Жапониянын символу сакуранын аты коюлган оорукананын Сламбул калкына саламаттык алып келишин тилеймин»,-деди.



Тектеш кабарлар