Алтун: «Түркиянын стратегиясы Covid-19 пандемиясынын багытын өзгөрттү»

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, «The Washington Times» гезити үчүн макала жазды.

1421383
Алтун: «Түркиянын стратегиясы Covid-19 пандемиясынын багытын өзгөрттү»

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, «The Washington Times» гезити үчүн «Түркиянын стратегиясы жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) пандемиясынын багытын өзгөрттү» аттуу макала жазды.

Түркия мамлекетинин глобалдык саламаттык сактоо тейлөөлөрүн бүткүл жарандарына акысыз камсыздаганына көңүл бурган Алтун, убагында саламаттык сактоо инфраструктурасына жасалган инвестициялардын натыйжаларын ушул акыркы процессте көргөндөрүн белгиледи.

Таштаган кадамдары менен пандемиянын багытын терсине бура алгандарын, жаңы жуктуруп алгандардын өсүү ылдамдыгынын алгачкы жуктурган учур катталган март айынан бери эң төмөнкү деңгээлине түшкөнүн баса белгилеген Алтун, ооруканадардан чыгарылгандардын санынын жаңы жуктуруп алгандардын санынан ашканын маалымдады.

Алтун, пандемиядан таасир алган арасында Италия, Испания, Иран, Косова, Босния-Герцеговина, Сербия, Черногория жана Түндүк Македония болгон дүйнөнүн бир топ өлкөсүнө Түркиянын медициналык жардам бергенин кошумчалады.



Тектеш кабарлар