Рак оорусунан жабыркаган Эмре Түркияга алып келинди

Эмре Патат Түркия жиберген тез жардам учагы менен дарылануу үчүн Түркияга алып келинди.

1418486
Рак оорусунан жабыркаган  Эмре Түркияга алып келинди

Швециянын Гётеборг шаарында жашаган рак менен ооруган Эмре Патат Түркия жиберген тез жардам учагы менен дарылануу үчүн Түркияга алып келинди.

23 жаштагы рак менен ооруган уулу Эмре үчүн жардам талап кылган Нафиз Пататтын чакыруусуна жооп берилди.

Ландветтер аэропортуна конгон учак Түркия убактысы боюнча 21:30да Эмре Пататты алып учту. Нафиз Патат уулу Эмренин 4 жылдан бери рак оорусунан дарыланып жатканын жана дарыгерлердин операция жасоодон алыс экенин айтты.

Патат : «Коронавирустан улам учак каттамдары болбогондуктан мен да Түркиянын Стокгольм элчилигинин жардамы менен саламаттык сактоо министрлигинен жардам сурандым»,- деди.

Түркиянын үнүн угуп Швецияга тез жардам учак жибергенин белгилеген Патат президент Эрдоганга, саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожага жана Түркиянын Стокгольмдагы элчиси Хаккы Эмре Юнтка ыракмат айтты.



Тектеш кабарлар