Түрк Кызылайы Йеменде согуш майыптарына жардам берди

Түрк Кызылайы Йемендин 4 облусуда согуштан майып болгон 500 кишиге тамак – аш жардам кампаниясын баштатты.

1416572
Түрк Кызылайы Йеменде согуш майыптарына жардам берди

 Түрк Кызылайы Йемендин 4 облусуда согуштан майып болгон 500 кишиге тамак – аш жардам кампаниясын баштатты.

Йемен  Истикабе Кайрымдуулук Ассоциациясы менен бирге жүргүзүлгөн жардам кампаниясында биринчи болуп убактылуу борбор шаар Аденге караштуу Ел  -  Муалла районунда тамак  - аш пакеттери таркатылды.

Түрк Кызылайынын Йемен делегациясынын төрагасы Мустафа Айдын кампаниянын Аден, Хадрамевт, Мариб жана Таиз облустарында  согуштан өмүр боюу майып болгон кишилерге карата  экендигин  айтты.

Айдын  Түркиянын өзгөчө рамазан айында согуштан таасирленген йемендиктердин кыйынчылыктарын жеңилдетүү үчүн жардам бергендигин белгиледи.  

Түрк Кызылайы рамазанда Йеменде 14 000ге жаңы тамак  - аш пакетин таркатууну максат кылган эки кампания баштаган жана 5  - майда 500, 6 -  майда да 400 тамак  - аш пакетин таркатты.

БУУнун билдиргенине караганда дүйнөнүн эң чоң адамзаттык кризистери болгон Йеменде 22 миллондон ашуун киши жардам жана коргоого муктаж.



Тектеш кабарлар