Түркиядан Палестинага медициналык жардам берилет

Түркия жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясы менен күрөшүү процессинде Палестинага медициналык каражат жардамын берет.

1415234
Түркиядан Палестинага медициналык жардам берилет

Түркия жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясы менен күрөшүү процессинде Палестинага медициналык каражат жардамын берет.

Анкарада 14-апрелде кол коюлган «Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Палестина Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосунда саламаттык сактоо тармагында жардам жасалышы тууралуу келишимдин» бекитилиши боюнча токтом, Расмий гезиттин кайталанган санында жарыяланды.

Буга караганда Түркия Палестинага 40 миң PCR тест комплектисин, 4 PCR аппаратын, 100 миң N95 бет кап,40 миң коргоочу комбинезон, 100 миң жуп кол кап, 2 миң кычкылтек бет кабы (небулайзер), 20 миң мурун канюлясы, 2 тонна кол антисептиги жана 20 миң коргоочу көз айнек жардамы берилет.



Тектеш кабарлар