Түркиянын Палестинага жиберген жардамдары тапшырылды

Коронавирус менен күрөшүүнүн негизинде Түркиянын Палестинага жиберген медициналык жардамдары азем менен тапшырылды

1411674
Түркиянын Палестинага жиберген жардамдары тапшырылды

Коронавирус менен күрөшүүнүн негизинде Түркиянын Палестинага жиберген медициналык жардамдары азем менен тапшырылды.

Басып алынган Батыш Шерианын Рамаллах шаарында өткөрүлгөн тапшыруу аземине Палестина  саламаттык саткоо министри Мей Кейле, Палестинанын тышкы иштер министри Рияд ел – Малики, Түркиянын Кудс башкы консулдугунун убактылуу миссия шефи, элчи Ахмет Рыза Демирер менен палестиналык жетекчилер катышты.

Палестинанын тышкы иштер министри Малики бул жардамдын Палестина өкмөтүнүн Ковид  - 19 менен күрөшүн улантуусу үчүн абдан чоң мааниге ээ экендигин белгилеп президент Р. Т. Эрдоган жана өкмөткө ыракмат айтты.

Малики : «Бул жардамдар Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен президент Эрдогандын ортосундагы күчтүү карым  - катнаштын чагылышы болуп саналат»,- деди.

Түркиянын Ковид  - 19 менен күрөшүү үчүн Палестинага жиберген медициналык жардамдарын ташыган түрк аба жолдоруна таандык жүк ташуучу учак 30 -  апрелде Израилдин борбор шаары Тель Авив жакындарындагы Бен Гурион аэропортуна конгон.



Тектеш кабарлар