Түркия бекем инфраструктурасын дагы күчтөнтөт

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын,жеке менчик бир телеканалдын түз эфир көрсөтүүсүндө маалымат берди.

1409805
Түркия бекем инфраструктурасын дагы күчтөнтөт

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясы убагында сыноодон жакшы өткөн Түркиянын бекем инфраструктурасын дагы күчтөндүрүүсүн уланта турганын маалымдады.

Ибрахим Калын, жеке менчик бир телеканалдын түз эфир көрсөтүүсүндө маалымат берди.

Пандемиядан кийин эл аралык тартиптин көп сандаган тармакта түптүү өзгөрүүлөрдөн өтө турганын баса белгилеген Калын: «Эл аралык уюм жана мекемелердин мыйзамдуулугу тескөөгө алынып жатканын билебиз. Европа Биримдиги (ЕБ) бул пандемияга берген же бере албаган туруштугунан улам олуттуу сынга кабылды. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму (ДСУ) бул процессте канчалык таасирдүү роль ойноду, бул дагы тескелип жаткан темалардын арасында. Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) ошондой эле түрдө тескелүүдө, анткени жетиштүү түрдө күчтүү лидерлик көрсөтүлө алган жок»,-деди.

Түркиянын саламаттык сактоо инфраструктурасына салган инвестициялары менен пандемияга каршы даяр болгонун көрсөткөнүн айткан Калын: «Экономика жана армиялары биздикинен дагы күчтүү жана чоң өлкөлөрдүн кандай абалга келгенин көрдүк. Биз колубуздагы мүмкүнчүлүктөрдү эң мыкты түрдө колдонуп, эмнелерди жасай ала турганыбызды ушул себеп менен көрсөткөн болдук. Мындан кийинкиси үчүн айыл-чарба, азык-түлүк, биокоопсуздук, кибер коопсуздук сыяктуу тармактарда Түркия бекем инфраструктурасын дагы күчтөндүрүүсүн улантат. Ушундайча апаат,эпидемия болгондо жана башка өлкөлөргө жардам сөз болгондо Түркия ушундай эле күчтүү туруусун улантат»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар