Сириядагы «Тынчтык булагы» аймагында 12 террорист жок кылынды

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги маалымат берди.

1409769
Сириядагы «Тынчтык булагы» аймагында 12 террорист жок кылынды

Сирияда «Тынчтык булагы» аймагына кирүүгө аракет кылган жана тийишип ок аткан жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 12 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин жарыясына караганда кечээ кечинде «Тынчтык булагы» аймагында Тель-Абьяд отурукташкан жеринин түштүк-батышындагы Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) бөлүктөрүнө үстүнө дочка орнотулган унаалар менен тийишип ок атылды. Бул кыймылга координациялуу түрдө башка бир багыттан да кирүү аракети жасалды.

Аймакка жайгашкан чалгындоо жана көзөмөлдөө шаймандары менен 10-15 чакты ПКК/ЙПГга мүчө террористтин кол салууга катышканы белгиленип, ок атууну колдоо техникалары жана жеңил куралдар менен террористтердин качуу багыттарына мыйзамдуу коргонуунун алкагында ок атылды.

12 террорист жок кылынганы белгиленип, ТКК бөлүктөрүндө жана дос элементтерде зыянга учуроо болгон жок.

Аймактагы тынчтык жана ырааттуулуктун улантылышы үчүн чалгындоо, байкоо жана гуманитардык жардам/колдоо иш-аракеттери тынымсыз улантылууда.

Бир тараптан өлкө ичинде жана тышында террористтердин изин кууган коопсуздук үчтөрү, өткөн айда жүргүзгөн ийгиликтүү операциялар менен арасында жалган жооптуулар дагы орун алган 122 террористти жок кылып, террордук уюм ЙПГ/ПККга оор сокку урган болчу.



Тектеш кабарлар