Помпео жана Конгресстин мүчөлөрү Түркияга ыраазычылыктарын билдиришти

Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан эң көп таасирленген өлкөлөрдүн бири болгон АКШга жөнөткөн жардамдары үчүн Түркияга ыраазычылык билдирилди.

1409680
Помпео жана Конгресстин мүчөлөрү Түркияга ыраазычылыктарын билдиришти

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан эң көп таасирленген өлкөлөрдүн бири болгон АКШга жөнөткөн жардамдары үчүн Түркияга ыраазычылыгын билдирди.

Помпео Твиттерден берген маалыматында, «НАТОдогу шериктешибиз Түркияга ыраазычылык билдиребиз. Түркиянын колдоо көрсөтүүлөрү, дүйнөнүн ар тарабында Ковид-19 менен күрөшүү жагынан мыкты иштерди жасап жаткан Америка фирмаларына жардамчы болууда. Бул абалдан чогуу ашып өтөбүз жана мурда болуп көрбөгөндөй күчтөнүп чыгабыз»,деген серебин салды.

Бир тараптан Эл өкүлдөр палатасынын айрым өкүлдөрү да бул тема тууралуу Твиттерден маалымат берип Түркияга ырахмат айтты.

Түркиянын АКШнын пандемия менен күрөшүүсү үчүн жөнөткөн медициналык жана коргоочу каражаттарын жакшы ниет жана колдошууну камтыган билдирүү катары аныктаган Республикачыл эл өкүлү Алекс Муни: «НАТОдогу шерктешибиз Түркияга бул орчундуу мезгилдерде көрсөткөн шериктештигинен улам ырахмат айтамын»,-деп айтты.

Айрыкча Өкүлдөр Палатасынын Түркия боюнча достук тобунун мүчөсү Стив Чабот да ошондой эле билдирүүнү айтып, «Түркиянын Ковид-19 менен күрөшүүдө алдыңкы катарларда кызмат кылган саламаттык сактоо кызматкерлерибиздин корголушу үчүн бул аптада эки ирет жасаган жардамдары үчүн ырахмат айтамын. Жоомарттыгың үчүн ырахмат-Түркия»,-деди.

Демократ эл өкүлү Алси Гастинг болсо Түркияга ырахмат айтканын белгилеп, көрсөтүлгөн колдоолордун мактоого арзынанын баса белгиледи.

Түштүк Каролина эл өкүлү  Жо Уилсон, жазуу түрүндөгү маалыматын берип: «АКШ-Түркия карым-катнаштары  менен алектенген Түркия боюнча достук тобунун төрага милдетин аткаруучу катары НАТОдогу шериктешибиз Түркиянын жоомарттыгына ыраазымын. Элчи Сердар Кылыч ийгиликтүү өкүлдүк кылган баалуу Түркия. Чогуу иштешсек Түрк жана Америка калкын Ухань вирусунан коргойбуз»,-деди.



Тектеш кабарлар