Түркия жиберген экинчи учак да АКШга барды

Түркия жаңы тип коронавирус Ковид - 19 менен күрөшүүнүн негизинде 55 өлкөгө дагы жардам материалдарын жиберген

1409153
Түркия жиберген экинчи учак да АКШга барды

Түркиядан АКШга медициналык каражаттарды ташыган экинчи аскердик жүк ташуучу учак борбор шаар Вашингтонго барды.

Президент Р. Т. Эрдогандын жолдомосу менен  жиберилген медициналык каражаттарды ташыган, Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык  С  - 130 моделиндеги аскердик жүк ташуучу учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:20да борбор шаар Вашингтон жакындарындагы Эндрюс аба базасына конду.

Базага түшүрүлгөн жардамдардын үстүндө президенттик желек, Түркия жана Америка байрактары менен бирге Мевлананын «Үмүтсүздүктүн артында канчалаган үмүттөр бар. Караңгылыктын артында канчалаган күн бар»,- деген сөздөрү түркчө жана англис тилинде орун алды.

Шейшемби күнү жиберилген биринчи учакта болгондой эле бул жардам пакеттеринде да бет кап, коргоочу кийим, дезинфектан, коргоочу көз айнектер сыяктуу каражаттар бар.

Түркия жаңы тип коронавирус Ковид  - 19 менен күрөшүүнүн негизинде 55 өлкөгө дагы жардам материалдарын жиберген.



Тектеш кабарлар