Түркия Бириккен Араб Эмирликтерин эскертти

Түркия Бириккен Араб Эмирликтери башкаруусуна «өзүңдү бил» деген чакыруу салды.

1408760
Түркия Бириккен Араб Эмирликтерин эскертти

Түркия Бириккен Араб Эмирликтери башкаруусуна «өзүңдү бил» деген чакыруу салды.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Бириккен Араб Эмирликтеринин тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министрлигинин Ливиядагы абалдар тууралуу Түркияны бутага алган билдирүүсү боюнча министрликке берилген бир суроого жазуу түрүндө жооп берди.

«Бириккен Араб Эмирлиетринин тышкы иштер министрлиги жана эл аралык кызматташуу министрлиги берген маалыматта козголоңчуларга бардык жардамды берген бир өлкөнүн эки жүздүү саясатын жашыруу аракети»,- деп жооп берген катчы Аксой Түркиянын араб өлкөлөрүнүн саясий биримдик жана жеринин бүтүндүгүнө ар дайым сый көрсөткөндүгүн баса белгиледи. Аксой бул түшүнүк менен Ливияда да мыйзамдуулуктун жанында орун алгандыгын жана саясий чечүүчү жол табуу аракеттерин колдогондугун белгилеп  Түркиянын бул принциптүү мамилесин улантарын айтты.

«Бириккен Араб Эмирликтери башкаруусунун Түркия тууралуу негизсиз айыптоолору  бул өлкөнүн өзүнүн чагымчыл аракеттерин жабуу аракети», - деген Хами Аксой бул өлкөнүн Ливиядагы козголоңчуларга көптөгөн жылдардан бери курал, аскердик материал жана ыктыярдуу  аскер бергендигине көңүлдөрдү бурду. Аксой Бириккен Араб Эмирликтеринин бир гана Ливияда эмес Йемен, Сирия жана Африка мүйүзү болгон бүт аймакта эл аралык тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулукту бузуучу кыймылдарынан эл аралык коомдун маалыматы бар экендигин баса белгилеп буларды белгиледи : «Ушул негизде Бириккен Араб Эмирликтеринин Ел Шебаб башта болгон террордук уюмдарга дана Йеменде жикчил аракеттерге берген колдоосу да сыр эмес. Бириккен Араб Эмирдиги башкаруусун өлкөбүзгө карата душман катары мамиле кылуудан жана текеберчиликтен баш тартууга чакырабыз. Аймакта ырааттуулук жана коопсуздуктун түзүлүш жолунун эч бир бөлүүчүлүк кылбастан жарандарды бутага алган мыйзамсыз козголоңчулардын эмес Ливия саясий келишиминин жана мыйзамдуу Улуттук ынтымактык өкмөтүн колдоодон өткөндүгүн кайрадан баса белгилейбиз».



Тектеш кабарлар