Түркия Хафтердин өзүн мамлекет башчы деп жарыялоосуна каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө маалымат жарыялап Хафтерге каршылык көрсөттү.

1407600
Түркия Хафтердин өзүн мамлекет башчы деп жарыялоосуна каршылык көрсөттү

Түркия, Ливиянын чыгышындагы мыйзамсыз күчтөрдүн лидери Хафтердин өзүн мамлекет башчымын деп жарыялоосуна каршылык көрсөтүп эл аралык коомчулуктун дагы көпкө кечикпестен керектүү жоопту бериши керектигин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында: «Хафтер бул билдирүүсү менен Ливиядагы кризистин саясий диалог жолу менен чечилишин каалабаганын, Берлин конференциясынын жыйынтыктары менен кошо бул багыттагы эл аралык аракеттерди колдобогондугун жана өлкөдө аскердик диктаторлук түзүүнү максаттаганын дагы бир жолу көз алдыга жайды»,делди.

Хафтердин бир жылдан ашуун мөөнөттөн бери аесуз түрдө уланган кол салуулары менен Ливиядагы адамзат тарткан азапты дагы тереңдеткени белгиленген жарыяда, бул пандемиялык чөйрөдө мунай  өндүрүүчу жайларды курчоосун улантып Ливия калкы муктаж болгон медициналык каражат жардамынын камсыздалышына тоскоол болгону жана сууну кысым көрсөтүүчү инструмент катары колдонуудан тартынбагандыгы баса белгиленди.

Жарыяда: «Ливияда хунта режимин куруу ниети болгону жөнүндө кандайдыр бир шек саноо калтырбаган бул кишиге эл аралык коомчулуктун дагы көп кечикпестен керектүү жооптуу бериши зарыл. Бир тараптан демократия элчилигин кылган айрым өлкөлөр менен кошо ага колдоо көрсөткөндөрдүн Ливия калкынын көз алдында анын кылгандарына ортоктош боло тургандарын унутушпашы керек»,делди.

Хафтер акыркы мезгилде туш болгон аскердик жоготуулардын артынан кечээ кечинде сүйлөгөн сөзүндө, БУУнун карамагында кол коюлган «Сухейрат келишими күчүн жоготконун жана өлкөнү башкарууга өткөнүн» айтып чыккан.



Тектеш кабарлар