Түркиядан Угандага азык-түлүк жардамы

Угандалыктарга азык-түлүк пакети тапшырылды.

1406165
Түркиядан Угандага азык-түлүк жардамы

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги ТИКА, жаңы типтеги коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында жардамга муктаж угандалыктарга 1000 даана азык-түлүк пакетин тапшырды.

Түркиянын Кампаладагы элчиси Фикрет Керем Алп жана ТИКАнын Угандадагы координатору Яхья Ажун ун, төө буурчак жана шекерден турган 1000 даана азык-түлүк пакетин Уганданын Премьер-министрлигине караштуу Башкы административдик иштер башчысы Мэри Кароро Окуруткага тапшырды.

Түркиянын Кампаладагы элчиси Алп, азык-түлүктөрдүн муктаждыгы барларга таркатыла тургандагын белгилеп, Уганданын Саламаттык сактоо министрлигине колдоолорунун да улангандыгын айтты.

Министр Окурут болсо Уганданын атынан жардамдарынан улам Түркияга ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар