COVID-19 бейтабынын Түркияга алып келиниши Швеция медиасында уу-дуу жаратты

47 жаштагы Эмруллах Гүлүшкендин Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин учагы менен кечээ Түркияга алып келиниши Швеция медиасында уу-дуу жаратты.

1405887
COVID-19 бейтабынын Түркияга алып келиниши Швеция медиасында уу-дуу жаратты

Швециянын Мальмё шаарында коронавирус аныкталганына карабастан дарылабай үйүнө жөнөтүшкөн 47 жаштагы Эмруллах Гүлүшкендин Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин учагы менен кечээ Түркияга алып келиниши Швеция медиасында уу-дуу жаратты.

Швециянын маанилүү гезиттеринен Афтонбладет «Швецияда дарыланган жок, Түркияга тез жардам учак менен алып барылды» темасы менен жарыялаган кабарында, оорукчандын кыздары Самира жана Лейла Гүлүшкендин социалдык медиадан жардам сурашкандары эске салынды.

Бул чакырыкка Твиттер барагынан маалымат берген Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын «Атаң үчүн ооруканабыз, доктурларыбыз даяр»,деген жоопту бергени баса белгиленди.

Швециянын мамлекеттик телеканалы SVT болсо кабарында Швецияда дарыланбаган COVID-19 бейтабы атанын кыздарынын социалдык медиадан жардам сураганы боюнча министр Кожанын жооп бергенин баса белгиледи.

Кабарда Кожанын Гүлүшкендин кызына «Атаң үчүн ооруканабыз, доктурларыбыз даяр. Президентибиздин, бүтүндөй калкыбыздын сакайып кетишин тилегенин билдирүүдөмүн»,деп жооп бергени баяндалды.

Экспрессен гезити болсо «Коронавирус бейтабы дарыланбай калганда Түркияга учту» деп берген кабарында COVID-19 бейтабы атанын балдарынын социалдык медиада жарыялаган видеосу жооп тапканын баяндады.

SVD гезити «Түркия «Strump» аэропортунан бейтап алып кетти» аттуу кабары окурмандарына жарыяланып, 47 жаштагы COVID-19 бейтабы атанын балдарынын социалдык медиадан жардам суроолоруна Түркия тарабынан жооп келгени маалымдалды.

 



Тектеш кабарлар