Эрдоган:«Түрк улутунун тарых бою максаты карандысыздыгын коргоо жана тынчтыкты түзүү болгон»

Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Эрдоган, Чанаккале кургактык согуштарынын 105 жылдыгынан улам өз билдирүүсүн жарыялады.

1405330
Эрдоган:«Түрк улутунун тарых бою максаты карандысыздыгын коргоо жана тынчтыкты түзүү болгон»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түрк улутунун тарых бою максатынын ар дайым көз карандысыздыгын коргоо жана тынчтыкты түзүү болгонун айтты.

Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Эрдоган, Чанаккале кургактык согуштарынын 105 жылдыгынан улам өз билдирүүсүн жарыялады.

Эрдоган, Чанаккале кургактык согуштарынын 105 жылдыгынан улам мекенди жана желекти коргогон аскерлердин баатырдыгын жана улуттун тайманбастыгын, шейиттерди жана түбөлүк жайына жаткан газилерди таазим кылуу менен эскерди.

«Улутубуз үчүн «Чанаккале руху» эң татаал шарттарда дагы басып алуу аракетине жапа тырмак каршы туруу, көз карандысыздык үчүн күрөшүү, жеңишке ишенүү, биримдик жана ынтымак менен максатты көздөй багыт алуу дегенди берет»,-деп айткан Эрдоган, эзелтен бери эркин жашаган улуттун, эч бир согуш жана курчоого жол бербегенин, бербей турганын белгиледи.

Эрдоган билдирүүсүндө: «Тарыхыбыз бою максатыбыз, ар дайым көз карандысыздыгыбызды коргоо жана тынчтыкты куруу болду. Бардык кыйынчылыктарга карабастан согуштун, террордун, күч колдонуунун ордуна тынчтыкты, бакубаттыкты жана адамзат баалуулуктарын камсыздаганга дейре бул күрөштү жүргүзүү боюнча чечкиндүүбүз. Чанаккале кургактык согуштарынын 105 жылдыгынан улам бүткүл дүйнөгө тынчтык чакырыгыбызды кайталайбыз. Биз, жаңы согуштарды болтурбоо жана тынчтыктын үстөмдүк кылынышы үчүн иштеп жатканда, келечектеги муундардан дагы Чанаккаленин калтырып кеткен белгисин бардык шарттарда коргоп калуусун күтүүдөбүз»,-деди.

Президент Эрдоган, Гази Мустафа Кемал Ататүрк баш болгон Чанаккаледе чоң күрөштү жүргүзгөн бардык баатырларды урматтоо менен эскерди.



Тектеш кабарлар