Шентоп Парламенттин ачылганынын 100 жылдыгына карата билдирүү жарыялады

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп, ТУУЖдун ачылышынын 100 жылдыгынан улам өз билдирүүсүн жарыялады.

1403685
Шентоп Парламенттин ачылганынын 100 жылдыгына карата билдирүү жарыялады

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп, ТУУЖдун ачылышынын 100 жылдыгынан улам өз билдирүүсүн жарыялады.

Шентоп, Парламенттин түрк улутунун келечегин белгилөө эрки жана ишеничинин жыйынтыгы катары  1920-жылы 23-апрелде ачылганын эске салып, баскынчы душмандарга каршы көз карандысыздык жана эркиндик отун жаккан ТУУЖдун ачылганына быйыл 100 жыл толгонун белгиледи.

Мустафа Шентоп: «Улутубуз менен ТУУЖдун ачылышын ушул күнгө дейре аянттарда, майдандарында чоң кубаныч жана толкундануу менен белгилеп келдик. Бирок быйыл Сovid-19 пандемиясына каршы көргөн чараларыбыздын алкагында Улуттук Эгемендик жана Балдар Майрамыбызды үйлөрүбүздө белгилейбиз. Буюрса келээрки жылдан тарта дагы кубанычтуу, дагы толкунданткан түрдө майрамдоолорубузду улантабыз. Түрк улутунун түбөлүккө дейре эркин жана көз карандысыз жашоо ишеничин жана эркин эң бийик үн менен жар салабыз»,-деди.

ТУУЖдун төрагасы Шентоп: «Үйлөрүбүздө өткөрө турган майрамдоолорго бардык атуулдарыбыз чоң каалоо менен катышуусун күтүүдөмүн. Бул үчүн ар кимди 23-апрель бейшемби күнү саат 21:00де балкондордон, терезелерден Улуттук гимнибизди ырдоого чакырамын. Эркиндик жана боштондукка болгон сүйүүбүздү Улуттук гимнибизди эң бийик үн менен ырдап көрсөтөлү.

ТУУЖдун 100-жылдыгынын себебинен бардык атуулдарыбыздын Улуттук Эгемендик жана Балдар Майрамын куттуктаймын. Эркиндик жана көз карандысыздыгыбызды биз карыз болгон Гази Мустафа Кемал Ататүрк баш болгон, бейиштей мекенибизди бизге белек кылган Парламентибиздин куруучу улууларын, ушул убакка дейре жетишибизде эмгеги өткөн бардык шейиттерибизди, газилерибизди, түбөлүк жайына кеткен улууларыбызды таазим кылып, урматтоо менен эскеребиз».



Тектеш кабарлар