Чавушоглу Түркиянын чет өлкөдөгү өкүлдөрү менен Covid-19ду сүйлөштү

Чавушоглу чет өлкөдөгү элчи жана туруктуу өкүлдөр менен видеоконференция өткөрдү.

1403055
Чавушоглу Түркиянын чет өлкөдөгү өкүлдөрү менен Covid-19ду сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын чет өлкөдөгү көп сандаган элчиси жана туруктуу өкүлү менен коронавирустун таасирлерине байланыштуу видеоконференция өткөрдү.

Мевлүт Чавушоглу Министрликтин карамагындагы чет өлкөдөгү өкүлдөрү менен өткөргөн сүйлөшүүсү жөнүндө Твиттерден маалымат берди.

Батыш Европа, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Түндүк жана Түштүк Америка өлкөлөрүндөгү өкүлдөрү менен Ковид-19дун таасирлерин талкуулагандарын билдирген Чавушоглу: «Ар дайым жарандарыбыздын жанындабыз. Бул оор процессте чын дили менен кызмат кылып жаткан бардык кесиптештериме ырахмат айтамын»,-деди.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда министр Чавушоглунун сүйлөшүүсүндө айрыкча чет өлкөдөгү түрк жарандарынын абалы жана муктаждыктары, министрликтин кызматкеринин ден-соолугу жана бул өлкөлөрдө коронавируска байланыштуу акыркы абал талкууланды.

Чавушоглунун чет өлкөдөгү берки элчи жана туруктуу өкүлдөр менен видеоконференция өткөрүүнү уланта тургандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар