15 -  апрелден тарта ПКК жикчил террордук уюмдун 112 террорист жок кылынды

2019 – 2020  күзгү  - кышкы мезгилинде пландалган 7732 санынан жогору чыгып 7852 операция жүргүзүлдү.

1403502
15 -  апрелден тарта ПКК жикчил террордук уюмдун 112 террорист жок кылынды

 Ички иштер министрлиги күзгү -  кышкы операцияларынын негизинде 15 -  апрелден тарта ПКК жикчил террордук уюмдун 112 террористтин жок кылгандыгын билдирди.

Министрликтен берилген маалыматка караганда өлкө ичинде ПККга карата күзгү – кышкы операцияларынын акырына чыгышынан кийин 15  - апрелден тарта жазгы  - жайкы операцияларын баштады.

Жазгы  -  жайкы мезгилде 5981 операция жүргүзүүнү пландаган министрлик бул операцияларды 1 -  октябрда акырына чыгарат. Бул күндөн кийин да операциялар улантылат.

Операциялар менен өткөн күндөрдө террордук уюм колдонгон аянттарды алуу, туруктуу жана убактылуу база аймактарды ачуу, террордук уюмдун кыймылын чектөө, аймак калкынын мал багуусун улантуусу жана жайлоолордун пайдаланышына мүмүкнчүлүк түзүү, террордук уюмдун финансы булактарын жок кылуу максат кылынууда.

2019 – 2020  күзгү  - кышкы мезгилинде пландалган 7732 санынан жогору чыгып 7852 операция жүргүзүлдү.

Операцияларда 112 террорист жок кылынды. Бир аскер шейит болуп, 19 коопсуздук кызматкери жараланып, 738 баш калкалоочу жер, үңкүрдө 333 мина, 274 курал, 451 колдо жасалган граната колго түшүрүлдү.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта да Сириядагы баш калкалаган аянттардан качкан бир террорист Мардинде коопсуздук күчтөрүнө багынгандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар