Эгей университети «иммундук плазма» ыкмасы менен дарылоосун баштады
Эгей университетинин ооруканасында жаңы типтеги коронавируска (Ковид-19) каршы «иммундук плазма» ыкмасы менен дарылоосу башталды.
Измирдеги Эгей университетинин ооруканасында жаңы типтеги коронавируска (Ковид-19) каршы «иммундук плазма» ыкмасы менен дарылоосу башталды.
Эгей университетинин ректорунун орун басары проф.д-р Кутсал Турхан, ооруну жеңип чыккан кишилердин канында вирусту жеңүүнү үйрөнгөн антикорлор бар экенин, буларды айыгып чыккан кишинин канынан алып бейтаптардын канына кошууну камтыган «иммундук плазма» ыкмасын дагы ишке ашыра баштагандарын баяндады.
Турхан өткөн жума күнү дарылануусу аяктап эки тести тең негатив болгону аныкталган эки бейтаптын плазмаларын алып реанимацияда дарыланып жаткан бейтаптарда колдонгондорун, бейтаптардын абалдарынын жакшырып баратканын белгиледи.
Турхан, мындан мурда вируска кабылып айыкккандардын 14 күндөн кийин плазма донору боло ала тургандарын кошумчалады.
Тектеш кабарлар
Тышкы иштердин «Түрк дипломатиялык архив документтеринде улуттук күрөш дипломатиябыз» басылмасы
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги, X социалдык медиа эсебиндеги бөлүшүүсүндө маалымат берди.