Түркия Улуу Улуттук Жыйыны 23-апрелде атайын отурум менен чогулат

«Ататүрк» эстелигине гүлчамбар коюлушу менен баштала турган алгачкы аземде анын жаркын элесине таазим кылынып, Боштондук гимни ойнолот.

1401031
Түркия Улуу Улуттук Жыйыны 23-апрелде атайын отурум менен чогулат

Түркия Улуу Улуттук Жыйыны (ТУУЖ) ачылгандыгынын 100 жылдыгы менен Улуттук Эгемендик жана Балдар Майрамынан улам 23-апрель бейшемби күнү атайын отурум менен чогулат.

ТУУЖдагы «Ататүрк» эстелигине гүлчамбар коюлушу менен баштала турган алгачкы аземде анын жаркын элесине таазим кылынып, Боштондук гимни ойнолот.

ТУУЖдун төрагасы Мустафа Шентоп жетектеген мамлекеттик кызматкерлер андан кийин Аныткабирге зиярат кылат. Биринчи Түркия Улуу Улуттук Жыйынында эскерүү аземи уюштурулат.

ТУУЖдун Жалпы жыйыны атайын күн тартип менен саат 14:00тө чогулат.

ТУУЖдун төрагасы Шентоптун күндүн түшүнүгү жана мааниси тууралуу сөз сүйлөй турган Жалпы жыйында Парламентте фракциясы орун алган саясий партиялардын атынан сөз сүйлөөлөр болот.

Жыйналышта башка тема сүйлөшүлбөйт.

Буга кошумча быйыл жаңы типтеги коронавирус пандемиясынын себебинен 23-Апрель сый кечеси уюштурулбайт.



Тектеш кабарлар