Түркиядан Нови Пазарга жардам жиберилди
Бет кап, коргоочу кийим, сүлгү, медициналык аппарат, кир жууй турган жана кургатуучу машина Нови Пазар шаарында Ковид - 19 эпидемиясынан улам убактылуу курулган ооруканага тапшырылды.
Түркиядагы Санжак достору платформасынын жаңы тип коронавирус менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүүнүн негизинде жиберген жардамдары Сербияда бошняктар көп жашаган Санжак аймагына жетти.
Бет кап, коргоочу кийим, сүлгү, медициналык аппарат, кир жууй турган жана кургатуучу машина менен керектүү башка каражаттардан турган жардамдар Сербиянын Нови Пазар шаарында Ковид - 19 эпидемиясынан улам убактылуу курулган ооруканага тапшырылды.
Бошняк улуттук кеңешинин төрагасы Жасмина Курич Түркиядан жиберилген бул жардамдарды санжактык бошняктардын эч качан унутпай тургандыгын белгилеп : «Мындай учурлар Санжактын чыныгы достору белгилүү болгон учурлар»,- деди.
Нови Пазар муниципалитетинин төрагасы Нихат Бисеваж болсо шаар калкы жана муниципалитеттин атынан Санжакка карата жардамдарын аябаган президент Р. Т. Эрдоганга, Санжак достору платформасына жана бардык кайрымдуу кишилерге ыракмат айтты.
Түркиядагы бошняктар курган Санжак достору платформасынын уюштуруусу менен чогултулган жардамдарга көп сандаган ысым жана фирма колдоо көрсөттү.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Жевдет Йылмаз расмий сапар менен Румынияга барат
Жевдет Йылмаз бүгүн борбор шаар Бухарестте түрк иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушат.