Улуттук колдошуу акциясына кайрымдуулуктун суммасы 1,7 миллиард лирага чукулдады

«bizbizeyeteriz.gov.tr» интернет барагындагы көрсөткүчтөргө караганда 15-апрелде  акцияга  жалпы кайрым кылгандардын саны 613 миң 115ке жетти.

1399479
Улуттук колдошуу акциясына кайрымдуулуктун суммасы 1,7 миллиард лирага чукулдады

Жаңы типтеги коронавируска (Covid-19) каршы көрүлгөн чаралардын алкагында президент Режеп Таййип Эрдогандын жол башчылыгында «Биз өзүбүздү бага алабыз Түркиям» урааны менен башталган Улуттук колдошуу акциясында ушул убакка дейре 1 миллиард 689 миллион 101 миң 146 лиралык кайрымдуулук чогултулду.

«bizbizeyeteriz.gov.tr» интернет барагындагы көрсөткүчтөргө караганда 15-апрелде  акцияга  жалпы кайрым кылгандардын саны 613 миң 115ке жетти.

Атуулдардан кыска SMS аркылуу 10 лиралык кайрымдуулук кылуучу акцияга ушул убакка дейре 5 миллион 585 миң 448 SMS менен 55 миллион 854 миң 480 лиралык колдоо камсыздалды.

Ушул убакка дейре 1 миллиард 689 миллион 101 миң 146 лиралык камрымдуулук чогулган акцияга эң чоң көлөмдө акча которгон мекеме болсо 100 миллион лира менен Борбордук банк болду. Муну 62 миллион 300 миң лира менен Зираат финансы тобу, 56 миллион лира менен Түркия Халк банкы, 50 миллион лира менен Түркия Вакыфлар банкы жана 40 миллион лира менен Түрк телекоммуникация акционердик коому орун алды.



Тектеш кабарлар