Мевлүт Чавушоглунун эпидемия тууралуу макаласы дүйнөдө жаңырык жаратты

«Бүгүн аткаргандарыбыз эртеңки күндү белгилейт»

1398473
Мевлүт Чавушоглунун эпидемия тууралуу макаласы дүйнөдө жаңырык жаратты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун 2020 -  жылы 2 -  апрелде The Washington Times гезити үчүн жазган «Бүгүн аткаргандарыбыз эртеңки күндү белгилейт» аттуу макаласы түрдүү өлкөлөрдө бир топ гезиттерден орун алды.

Макала Италия, Франция, Португалия жана Румыния сыяктуу Европа өлкөлөрү менен бирге Түндүк жана Түштүк Америка, Азия, Африка өлкөлөрүндө жалпы 78 гезитте жарыяланды.

Чавушоглу жаңы тип коронавирус эпидемиясы жайылган бул учурда глобалдык геополитикалык конкуренция жана саясий келишпестиктердин маанисинин жок экендигин баса белгилеген макаласында эл аралык коомду бардык келишпестиктерди артка таштап, кагылышууларды акырына чыгарып, диалог жана макулдашууга барууга чакырды.

Баарын кызыктырган жана глобалдык бир жоопту керек кылган маселенин «адамдарга, экосистемага, экономикага жана адамдын абийирин уятка калтырган» кагылышууларды акырына чыгаруу экендигин белгилеген Чавушоглу : «Ушул себептен эл аралык коомду Жакынкы Чыгыш жана башка бардык келишепестиктерди артта калтыруу, кагылышууларды акырына чыгаруу жана олуттуу түрдө диалог, макулдашууну изденүүүгө чакырабаыз. Баарынын кыйналып жаткандыгын билип туруп жана дүйнө саламаттыгы үчүн күрөшүп жаткан учурда геополитикалык конкуренция жана саясий келишпестиктердин эч бир мааниси жок болуп турат. Буга дүйнөлүк масштабда колдоо көрсөтүү үчүн баарыбыз бир минутабызды бөлө турган болсок  бул чакыруу жоопсуз калбайт»,- деп жазган.

Ковид  - 19дун Антарктикадан башка бардык материктерге жайылгандыгын жана бейтап санынын өсүп бара жаткандыгына көңүлдөрдү бурган Чавушоглу макаласында бул сөздөргө орун берди : «Адамзаттын үчтөн бир бөлүгүнөн көбүнө үйдө болушуна  буйрук берилип жатат жана тилекке каршы ушул кезге чейинки жоготууларга дагы көп жоготуулар кошулат. Эпидемиянын экономикалык бедели да коркунучтуу. Өзгөчө узун мөөнөттүү таасирлеринин болушу күтүлүүдө. Мунун азыркы учурда саясат жана коопсуздукка тийгизген таасирлери, өкмөттөрдү дүйнөлүк масштабда сөзсүз түрдө таасири астына алат. Туннелдин акырындагы жарыкты али көрө элекпиз жана муну күтүп жатабыз. Бул бир ойлонуу, ошол эле учурда лидерлик жана аракетке өтүүнүн учуру».



Тектеш кабарлар