Дин иштери башкармалыгынан вирус жайылган бул учурда орозо кармоо тууралуу маалымат билдирилди

Дин иштери башкармалыгы саламаттыгы сак адамдардын орозо кармоосунун коронавирустун жайылышында коркунуч туудурбагандыгын жарыялады.

1398027

Дин иштери башкармалыгынын Дин иштери боюнча Жогорку Кееңшинен берилген маалыматта рамазан айы жакындап келе жаткан бул күндөрдө Ковид  - 19 эпидемиясынан улам жарандардан орозо тууралуу көптөгөн суроо келгендиги билдирилди.

Ислам дининин принциптери боюнча ар бир ыбадаттын аткарылуу убактысы, жери жана шарттарынын вахий менен белгиленгендиги эске салынып, саламаттыгы сак адамдардын орозо кармоолорунун оорунун жайылышы жактан коркунуч туудурбагандыгы баса белгиленди.

Маалыматта : «Өзгөчө орозо кармоонун иммунитет системасын күчсүздөнткөнүнө байланыштуу далилге таянган медициналык аныктоо жок, тескерисинче орозо кармоонун иммунитет системасы боюнча оң таасир жараткандыгына байланыштуу илимий макалалар бар»,- деп билдирилди.

Тектеш кабарлар