Түркия Ливияга медициналык жардам каражатын жөнөттү

Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) илдети менен күрөшүүнүн алкагында Ливияга жөнөткөн саламаттык сактоо каражаттары тапшырылды.

1396227
Түркия Ливияга медициналык жардам каражатын жөнөттү

Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) илдети менен күрөшүүнүн алкагында Ливияга жөнөткөн саламаттык сактоо каражаттары, Триполидеги элчи Серхат Аксен тарабынан БУУ тарабынан таанылган Улуттук ынтымак өкмөтүнүн саламатык сактоо министринин орун басары Мухаммед Хейсем Исага тапшырылды.

Элчи Аксен, пандемияга каршы күрөшүүдө ар кимдин бири-бирине колдоо көрсөтүшү керектигин айтып: «Түркиянын дос жана тууган Ливия калкы менен колдошуусунун көрсөткүчү катары саламаттык сактоо каражаттарын жөнөттү жана ар дайым Ливия калкын колдогонун көрсөттү»,-деди.

Каражаттардын тапшырылышы менен катар президент Режеп Таййип Эрдогандын жана Түрк калкынын Ливия калкына салам жолдогонун жана жакшы тилектерин айтканын белгилеген элчи Аксен, Улуттук ынтымак өкмөтүнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Исанын: «Түркиянын колдоосу мактоого арзырлык болгонун жана Ливияга бардык тармакта көрсөткөн жардамдары үчүн ыраазычылык билдиргендерин» баяндады.



Тектеш кабарлар