Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилери кытайлык адистер менен жыйын өткөрдү

Жыйында эки өлкөнүн ортосунда жаңи тип коронавируска байланыштуу маалымат жана тажрыйба бөлүшүлдү.

1395985
Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилери кытайлык адистер менен жыйын өткөрдү

Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилери жана Коронавирус Илимий Кеңешинин мүчөлөрү кечээ кытайлык адистер менен видеоконференция аркылуу жыйын өткөрүштү.

Министрликтен берилген маалыматка караганда жаңы тип коронавируска каршы жүргүзүлгөн эмгектердин негизинде кытайлык жетекчилер менен 26 -мартта да видеоконференция аркылуу сүйлөшкөн түрк жетекчилер Кытай делегациясы менен экинчи жолу сүйлөштү.

Саламаттык сактоо министринин орун басары профессор доктор Эмине Алп Мешенин жетекчилигиндеги жыйынга Коронавирус Илимий Кеңешинин мүчөлөрү да катышты.

Кытай тарабынан оору чыккан жер Ухань шаарында кызмат кылган медициналык жетекчилер, оорукана башкаруучулары жана тийиштүү адис дарыгерлер катышты.

Жыйында эки өлкөнүн ортосунда жаңи тип коронавируска байланыштуу маалымат жана тажрыйба бөлүшүлдү. Ооруну дарылоо, дары- дармек жана вакцина тууралуу пикир алышууларда болушту.



Тектеш кабарлар