Түркияда 31 облус үчүн коменданттык саат жарыяланды

Бул тууралуу ички иштер министри Сүлейман Сойлу маалымат берди.

1395755
Түркияда 31 облус үчүн коменданттык саат жарыяланды

Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) менен күрөшүүсү олуттуу түрдө уланууда.

Бул алкакта 31 облус үчүн 2 күн бою коменданттык саат чечими чыгарылды.

Ички иштер министрлиги бүгүн түндөн тартып 12-апрель түнкү саат 24:00кө чейин 30 чоң шаар менен Зонгулдакта облустук чек аралардын ичинде коменданттык саат чара көрүүсүн киргизди.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу бул тема тууралуу маалыматында: «Бул жөн эле коменданттык саат эмес. Булар пандемиядан кутулуш үчүн келип чыккан чара көрүүлөр./.../Жекшемби күнү саат 24:00төн тарта бүтөт»,-деди.



Тектеш кабарлар