Түркия Йеменде ок атышпоо чечимин ыраазычылык менен кабыл алды

Түркия Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү чыгарган Йеменде бир тараптуу ок атышпоо чечимин ыраазычылык менен кабыл алды.

1395193
Түркия Йеменде ок атышпоо чечимин ыраазычылык менен кабыл алды

Түркия Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү чыгарган Йеменде бир тараптуу ок атышпоо чечимин ыраазычылык менен кабыл алды.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта БУУнун башкы катчысы Антонио Гутеррештин чакыруусунун негизинде Йеменде Ковид- 19дун жайылышына тоскоол болуу максатында ок атышпоонун жарыяланышынын ыраазычылык менен кабыл алынгандыгы белгиленди.

Маалыматта : «Ичинде болгон бул өзгөчө кырдаалда бардык тараптарды ок атышпоого баш ийүүгө чакырып жана эпидемияга каршы күрөшкө тоскоол боло турган кыймылдардан алыс туруу керектигин баса белгилейбиз»,- деп билдирилди.

Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү Ковид- 19эпидемиясынан улам Йеменде бейшемби күндөн баштап 2 жумалык ок атышпоо жарыялангандыгын билдирген.



Тектеш кабарлар