Эрдоган видеоконференция аркылуу Түрк кеңешинин жыйынына катышты

Президент Эрдоган «COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө кызматташтык жана тилектештик» темалуу кезексиз жыйынында сөз сүйлөдү.

1395449
Эрдоган видеоконференция аркылуу Түрк кеңешинин жыйынына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түрк кеңеши катары жаңы типтеги коронавируска каршы күрөшүп жатып экинчи тараптан да пандемиядан кийинкиси үчүн даярдык көрүү керектигин айтты.

Президент Эрдоган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин «Ковид-19 пандемиясы менен күрөшүүдө кызматташтык жана тилектештик» темалуу кезексиз видеоконференция жыйынында сөз сүйлөдү.

Бүтүндөй адам баласы катары учурда көзгө көрүнбөгөн душманга каршы оор согуш жүргүзүлүп жатканын белгилеген Эрдоган, Түрк кеңешинин жыйыны коронавирус менен күрөшүүдө тилектештикти бекемдей турганын айтты жана «Бул оор мезгилден күчтөнүп чыгаарыбызга ишенемин»,-деди.

Түркия катары вирус жайыла баштаган күндөн тарта чара көрүүлөрдү ишке ашыргандарын түшүндүргөн Эрдоган, буга чейин эч кандай олуттуу көйгөй болбогонун билдирди.

«Өз муктаждыгыбызды камсыздагандан тышкары туугандарыбызга колдоо көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз. Сиздерден келген суранычтарга алдыңкылык берип жатабыз» деген президент, пандемиянын таасири менен бирге дүйнөлүк масштабда социо-экономикалык кризис менен бетме-бет келингенин баса белгиледи.

Транспорт, бажы, чек ара өткөөлдөрү сыяктуу тармактарда элдин ден-соолугу эске алынып эң практикалык чечимдерди ишке ашыруу керектигин билдирген Эрдоган, мүчө өлкөлөрдүн транспорт жана соода министрлеринин видеоконференция ыкмасы менен чогулууларын сунуштады.

«Коронавируска каршы күрөштү албетте жеңебиз» деген президент: «Күрөшүүбүз уланып жатканда экинчи тараптан да пандемиядан кийинкиси үчүн даярдык көрүшүбүз керек. Медицинадан соодага, экономикадан коомдук психологияга чейин бирдей мамиле жасалышы керек, кызматташтык тармактарын аныктап зарыл болгон кадамдарды ылдам түрдө ташташыбыз керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар