Билим берүү министри окуучуларды аңгеме жазуу конкурсуна катышууга чакырды

Билим берүү министри Зия Селчук окуучуларга 23 -  Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамынын 100  жылдыгына карата өткөрүлө турган аңгеме жазуу сынагына катышууга чакырды.

1395001
Билим берүү министри окуучуларды аңгеме жазуу конкурсуна катышууга чакырды

Билим берүү министри Зия Селчук окуучуларды 23 -  Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамынын 100  жылдыгына карата өткөрүлө турган аңгеме жазуу конкурсуна катышууга чакырды. Министр Селчук : «Кыялыңарды жазгыла. Арасынан тандап ала турган 100 аңгемени 23 -  Апрель балдар майрамынын 100 жылдыгына карата китеп кылып чыгарабыз»,- деди.

Министрликтен алынган маалыматка караганда 23 -  Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамынын 100 жылдыгына карата башталгыч жана орто мектептин окуучуларынын арасында эркин темада окуучулардын кыялдарын камтыган аңгеме жазуу конкурсу өткөрүлөт.

 

 



Тектеш кабарлар