НАТОдон Түркияга ыраазычылык билдирилди

НАТО Улуттук коргоо министрлигинин Черногория,Түндүк Македония жана Косового жөнөткөн жардамы тууралуу билдирүүлөрүн расмий барагынан бөлүштү.

1394838
НАТОдон Түркияга ыраазычылык билдирилди

Түндүк Атлантика келишими уюму НАТОнун Бельгиянын Монс шаарындагы Европа Шериктеш күчтөр жогорку штабынан (SHAPE), Түркияга жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясы менен күрөшүүнүн алкагында Босния-Герцеговинага жөнөткөн медициналык каражаттар үчүн ыраазычылык билдирилди.

SHAPEтин расмий Твиттер барагынан бөлүшүлгөн маалыматта, «Түркия Ковид-19 менен күрөшүүнүн алкагында Босния-Герцеговинага жардам жөнөттү. Пандемия процессинде НАТО шериктештери жана өнөктөштөрү бири-бирине колдоо көрсөтүүсүн улантып биргеликте дагы күчтүү болоорубузду көрсөтүүдө»,-деп жазды.

Бир тараптан НАТО да Улуттук коргоо министрлигинин Черногория,Түндүк Македония жана Косового жөнөткөн жардамы тууралуу билдирүүлөрүн расмий барагынан бөлүштү.

Түркия, Ковид-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө колдоо максатында Балкан өлкөлөрүнө аскердик жүк ташуучу учагы менен медициналык жардам жөнөткөн.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан даярдалган баткап, коргоочу кийим жана тез аныктоочу диагностикалык тесттерден турган каражаттарды ташыган учак, Сербия, Босния-Герцеговина, Черногория жана Түндүк Македониядан соң Косового жеткирди.



Тектеш кабарлар