Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчү

Жалпы айыгып чыккандардын саны 1846 болду.

1394110
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчү

Түркияда жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19)  себебинен каза болгондордун саны 812ге жогорулады.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына  караганда акыркы 24 саатта дагы 87 киши каза таап, каза болгондордун жалпы саны 812ге жогорулады.

Акыркы 24 саатта жалпы 24 миң 900 кишиге тест жасалып, анын ичинен 4 миң 117 кишиде вирус аныкталды.

Бүгүн айыгып чыккан 264 киши менен бирге жалпы айыгып чыккандардын саны 1846гa жеткени маалымдалды.



Тектеш кабарлар