Президент Р. Т. Эрдоган коронавируска каршы бардык чаралардын көрүлгөнүн билдирди

Эрдоган : «Эч бир эпидемия, эч бир вирус Түркиядан күчтүү эмес".

1393912
Президент Р. Т. Эрдоган коронавируска каршы бардык чаралардын көрүлгөнүн билдирди

Президент Р. Т. Эрдоган жаңы тип коронавируска каршы мамлекет катары бардык чараларды көрүп жатышкандарын жарыялады.

Президент Эрдоган берген маалыматында : «Түркиря акыркы 18 жылда негизги тейлөө тармактарында болгон өзгөрүүлөрдүн саясында Ковид  - 19 эпидемиясына даярдыктуу болгон өлкөлөрдүн бири»,- деди.

Маалыматында : «490 000 саламаттык сактоо жана 360 000 жардамчы кызматкерибиз менен саламаттык сактоо армиясына ээбиз. Алардын ичинде 165 000 даргер, 206 000 мед айым бар»,- деген Эрдоган : «Эч бир эпидемия, эч бир вирус Түркиядан күчтүү эмес. Глобалдык эпидемия болгон  коронавируска каршы өлкө катары улуттук бир күрөштүн ичиндебиз. Мамлекет катары бардык чараларды көрүп, улутубуздун саламаттыгын коркунучка салган эпидемияга каршы бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдонуудабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар